top of page
Поиск

М. В. ФРУНЗЕ ҮЙ-МУЗЕЙИНДЕ КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ ТУУРАЛУУ ДОКУМЕНТАЛДЫК ТАСМАНЫН УЛАНДЫСЫ ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн Фрунзе үй-музейинин экспозициялык залдарында кыргыз элинин чыгаан инсаны – акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү Касым Тыныстановдун 120-жылдыгына арналган документалдык тасманын эпизоддору тартылды. Тасма тартууга филология илимдеринин доктору, “Тил билги” автордук жогорку мектебинин башдиректору Үмүт Култаева жана адабиятчы, сынчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаевич Эркебаев катышышты.

Белгилей кетсек, тасманын жаратуучулардын айтымында, Касым Тыныстановдун өмүр баянын, илимий жана чыгармачылык жолун чагылдырган документалдык тасма 2021-жылдын күз айларында улуттук телеканалалдарында тартууланат.

22 просмотра0 комментариев

Похожие посты

Смотреть все

Untitled

bottom of page