top of page
Поиск

Улут болсом тилим менен улутмун

Кыргыз Мамлекеттик Мемориалдык М.В.Фрунзенин үй – музейинде 21-сентябрь 14:00дө Кыргыз тилинин 29 жылдыгына арналган “Улут болсом тилим менен улутмун” аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлөт.

Азыркы замандын талабы мамлекеттик билим берүү системасынан тышкары билим деңгээлин өз алдынча байытуу, маалыматтык базасын жогорулатуу жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн көтөрүү, руханий дүйнөсүн байытуу, жаштар арасында биримдикти чыңдоо экендиги талашсыз.

Аталган оюнду "Билим майдан" студенттик илимий-чыгармачыл клубу уюштурат. Клубда И. Арабаев атын. КМУнун, Кыргыз-Түрк Манас унив, Ж.Баласагын атын. КУУнун, Ыйык Ата-Журт коомдук жаштар фонду ж.б. кругозору бийик, билимге умтулган студенттери тймашат. Оюндун жүрүшүндө кыргыз тилине арналган автордук ырлар жана көркөм окуу боюнча сынактар орун алат. Соңунда мыктылар грамота жана белектер менен сыйланышып, тарыхый маданий эс алуу тартууланат.

39 просмотров0 комментариев
bottom of page